Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:07

УКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин маалымдады


Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы "Көк-Терек" айылындагы талкаланган үй. Май, 2021-жыл.
Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы "Көк-Терек" айылындагы талкаланган үй. Май, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-майдын түнү маалымат таратып, саат 22.30га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу деп билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө, 7-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-1 аймагынын тушуна тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракеттенди. Кыргызстандын чек арачылары такталбаган аймакта чек ара кезметин алууну талап кылып, коңшу тарап аны ошол замат аткарганы кабарланды.

УКМК кулпунай аткезчилик жол менен өткөрүлүп жатканы тууралуу интернетте тараган видео боюнча да комментарий берди.

"Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 килограмм кулпунай сатууга аракет кылган. Тажикстандын чек арачылары анын аракетине өздөрү бөгөт койгон".

Атайын кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы аткезчиликке бөгөт коюуга мамлекеттик органдардан тышкары жарандык коом да жардам берип жатканын жарыялады.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда чек-арада 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG