Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:54

COVID-19: оору жуккан дарыгерлерге кенемтеге 243 миллион сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда иш учурунда коронавирус жуккан 1165 медицина кызматкерине кенемтеге бюджеттин 243 миллион сом бөлүндү. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Өткөн айда кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылып бир катар дарыгерлер Бишкекте митингге чыккан. Ошол кезде өкмөт атайын комиссия карап чыгарын билдирген.

Кыргызстанда пандемия маалында коронавирус 4350дөй медкызматкерге жугуп, вирустан кайтыш болгон дарыгерлердин саны 100дөн ашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилген. Ал эми каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөнгөн. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалган.

Министрлик кенемте төлөөнүн жол-жобосун ушул жылдын башында өзгөрткөн. Анын негизинде, дарыгерлердин COVID-19 жугузуп алган жагдайын иликтеп, чечим чыгаруу милдети оорукананын жетекчилигине берилген. Коронавируска кабылгандарга кенемтенин көлөмү 75 миң сом болуп азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG