Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

FIDH эл аралык коомчулукту чек арадагы кооганы иликтөөгө чакырды


Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркаган Достук айылындагы үйлөрдүн бири. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркаган Достук айылындагы үйлөрдүн бири. Май, 2021-жыл.

Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (International Federation For Human Rights - FIDH) Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы 12 мүчө уюм менен бирге кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп, мындай эскалацияны болтурбоо үчүн эл аралык коомчулукту тезинен чара көрүүгө чакырды.

Федерация кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн БУУнун жана Евробиримдиктин механизмдерин иштетүүгө, Кыргызстанды Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого үндөдү.

Эл аралык уюм өз билдирүүсүндө карапайым тургундарга туш-келди күч колдонулганына тынчсызданып жатканын билдирген. Оор курал-жаракты жай тургундар жашаган аймактарга колдонуу - жарандардын өмүрүн коркунучка кептей турганын жана аларды колдонууга дүйнөдө тыюу салынарын эскерткен.

Ошону менен катар эл аралык федерация эки тарапты ок атышпоо режимин сактоого, жарандардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жабыркагандарды гуманитардык жардам менен камсыздоого, карапайым тургундардын арасындагы жоготууларга жооптууларды иликтөөгө чакырган.

5-майда федерациянын расмий сайтында 28-апрелден 1-майга чейин кыргыз-тажик арасында болгон кагылышууда алдын ала маалыматтарга ылайык эки тараптан 50дөн ашуун адам курман болуп, 300дөн көп адам жаракат алганы, ондогон обьектилер талкаланганы жазылды.

Каза болгондордун арасында эки бала да болгону белгиленген. Уюм 4-майга карата Кыргызстандын 45 миңге чукул, ал эми Тажикстандын 15 миңдей тургуну коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG