Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Жапаров: Коогада жабыркагандарга кенемте берилет


Садыр Жапаровдун Баткендеги иш сапары учурунда тартылган сүрөт.
Садыр Жапаровдун Баткендеги иш сапары учурунда тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин маалымдады.

Ошондой эле ал кыйраган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын белгиледи.

Мындан тышкары Баткен облусу өзгөчө статус алуу менен бир катар жеңилдиктерге ээ болорун, чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундардын балдары Ысык-Көлдө реабилитациялоодон өтө тургандыгын кошумчалады.

Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине бюджеттен 700 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Тажикстандын Согд облусунун бийлиги набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жалпы суммасы 700 миң сомони же 5 млн. 200 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Жалпысынан тажик өкмөтү каза тапкандардын жана жарадарлардын жакындарына жардам катары 3 миллион сомони бөлгөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну биринчи баштаганын билдирүүдө. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG