Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Жапаров: Азыркыдай каатчылык бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 5-майда элге кайрылуу жасап жатып өлкөнүн экономикалык абалына, каатчылыктан чыгуу жолдоруна токтолду.

“Азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат.

Жапаров экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтүүгө убада берди.

“Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз. Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. С ебепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат. Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогду жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз!”.

Жапаров бул кайрылуунун алдында жарандар, экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи. Кайрылууну “коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу”, - деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG