30-апрелде Талас шаарындагы токойдон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу 4-майда "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда кыздын сөөгү облустук ооруканага жеткирилген. Милиция маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.
Аталган факты Жазык кодексинин 139-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Маркумдун ата-энеси эч кимге доосу жок экенин жана кызынын денесин экспертизага берүүдөн баш тарта тургандыгын билдиришкен. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү өтүнгөн. (MKt)
Дагы караңыз
Facebook шеринеси