Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Ксения Барабаш үй камагына чыкканы белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешеси бар деген шек менен кармалган Ксения Барабаш үй камагына чыкты. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту 30-апрелде караган. Бул тууралуу “Азаттыкка” 4-майда Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жасынова билдирди.

Барабаш 20-апрелде милицияга суракка чакырылып, андан ары шектүү катары кармалган. 22-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Барабаш жарандык авиация тармагында иштеген, түркиялык "Gata havayollarive taşimacilik a.ş" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүн жетектеп жүргөн.

Буга чейин аталган компанияга эл аралык жүк ташууда мыйзамсыз жеңилдик берилгени, мындан улам "Манас" аэропорту 139 598 681 сом кирешеден кол жууп калганы кабарланган.

Башкы прокуратура февралда аэропорт башкармалыгынын мурдагы төрагасы Эмир Чукуев, аэропорттун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев, "Манас Менеджмент Компанинин" мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалганын билдирген.

Ушул эле иштин алкагында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго кошумча дагы бир кылмыш иши козголгон.

"Gata havayollari ve tasimacilik" компаниясы "Манас" аэропортундагы коррупциялык иштерге тиешесин жоктугун билдирген кайрылуу тараткан. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG