Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Нурбаев: Жогорку Кеңеш чек ара чырына байланыштуу чечимдерди кабыл алды


Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алды. Бул тууралуу парламент депутаты Абдывахап Нурбаев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

“Комитеттин жыйыны жабык өттү. Ага 30дай депутат катышты. Комитет катуу чечимдерди кабыл алды. Эми аны 6-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына көтөрүп чыгып, өкмөткө сунуштайбыз”, - деди Нурбаев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошту.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 183 киши жараат алды. Ал эми тажик тараптан жабыркагандардын жана курмандыктардын тууралуу расмий кабар чыга элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG