Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Чек арадагы чыр: тараптардын жүйөлөрү


Кыргыз-тажик чек арасындагы күйгөн үйлөр. Лейлек району. Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы күйгөн үйлөр. Лейлек району. Баткен облусу.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Башкы прокуратура органдары бири-бирин “куралдуу кол салууга” айыптап, кылмыш иши козголгонун жарыялашты.

Эки өлкө тең "чек арадагы жаңжал мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирди" деген баасын берип, оор техникалар менен жай тургундарды аткылоону айыптап жатышат.

Эки өлкөнүн башкы көзөмөл органдары 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча өз жүйөлөрүн келтиришкен.

Кыргызстандын айыптоосу

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 3-майда тараткан маалыматка ылайык, 29-апрелде саат 04:00дө Баткен районунун Көк-Таш айылынын Көчө-Бою аймагында тажик жарандары чагымчылдык кылып, эки тараптын кагылышуусу орун алган.

Башкы прокуратура кагылышуудан кийин Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында чек араны бузуп кирип, өлкөнүн эгемендигине кол салып, жай тургундарга, чек арада турган аскерлерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине автоматтан, миномёттон, бронетехникадан, аскердик тик учактардан ок чыгарышкан деп айыптоодо.


Ошондой эле Кыргызстандын башкы көзөмөл органы тараткан маалыматта Тажикстан аскерлери миномётту жана аскердик тик учактарды колдонуу менен “Булак-Башы”, “Капчыгай”, “Достук”, “Миң-Булак” чек ара тозотторуна “Кожожар”, “Кызыл-Бел” чек ара постторуна жана Баткен, Лейлек райондорунун калктуу конуштарына кол салып, аймактарды басып алышканы жазылган.

“Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин бул аракеттери Кыргыз Республикасынын бүтүндүгү менен суверенитетине карата алдын ала пландаштырылган жалаа менен агрессияны айгинелейт. Алардын аракетинде пландаштыруу, агрессивдүү түрдөгү куралданууга даярдык, эл аралык келишимдерди бузуу менен агрессиялык согушту жүргүзүү байкалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз тарап тажик аскерлери Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2004-жылдын 26-майында түзүлгөн жакшы коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндөгү келишимди, тынчтыкта жашоо принциптерин, достук жана кошуналык мамилелерди бузганы үчүн айыптады.

Бул фактыны Башкы прокуратура 29-апрелде Жазык кодексинин 380-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыштар”) менен каттаганын кабарлады. Сотко чейинки тергөөнү жүргүзүү милдети Кыргыз Республикасынын атайын кызматынын, милициянын жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган мекеме аралык тергөө тобуна тапшырылды.

2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да чек арадагы кагылыш боюнча 11 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда каза болгон жай тургундардын жыйырма беши (сандар дагы такталууда - ред.) Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон курман болгону маалымдаган.

Ошондой эле Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Алар Жазык кодексинин 264-беренеси (“Массалык башаламандык”), 380-беренеси (“Тынчтыкка каршы кылмыш”), 210-беренеси (“Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо”), 266-беренеси (“Ээнбаштык”), 358-беренеси (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”), 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча тергөө башталды.

Тажикстандын айыптоосу

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 3-майда Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Тажикстан кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.

Тажикстандын башкы көзөмөл органынын расмий сайтында жаңжалдын башталышына кыргыз тарапты айыптаган билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө "29-апрелде саат 11 чамасында Кыргызстандын чек ара аскерлери менен эки жүздөй жергиликтүү тургун Исфара шаарынын Чоркух кыштагындагы Кожалы (Хожа Аъло) чек ара бекетинин маңдайына, “Головнойдо” орнотулган камералардын жанына чогулушкан" деп айтылат. Башкы прокуратура чогулгандар тажик жарандарына таш ыргытып, чатакка түрткү болгон деп айыптоодо.


Ошондой эле жаңжалды басуу үчүн барган Исфара шаарынын башчысы Баховаддин Баходурзодага жана жай тургундарга ок атылып, оор жаракат алышканы айтылат. Тажик Башкы прокуратурасы кыргыз тарапты "куралдуу кол салуу менен Тажикстандын суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө шек келтирген" деп айыптады.

“Куралданган топтун башка мамлекетке каршы күч колдонуу менен кирип келгени агрессиялык акт деп эсептелет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде айрым аскер адамдарына жана жарандарына Кылмыш кодексинин 395-беренеси (“Агрессиялык согушту баштоо”), 104-беренеси (“Эки же андан ашык адамды өлтүрүү”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө баштады.

Эки тараптын жүйөсүн эл аралык иликтөө чечет

Прокуратура органдарынын айыптоолоруна эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери комментарий бере элек.

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ишти иликтеп бүтүп, материалдарды териштирүү үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сыяктуу эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн Бишкекке чакырышы керек деп эсептейт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Бардык материалдар чогултулгандан кийин БУУнун эл аралык комиссиясына чакыруу жибериш керек. Башкы прокуратура чогулткан материалдардын баарын бериши зарыл.

БУУнун алдында эл аралык комиссия түзүлүшү керек. ЖККУнун мүчөлөрү бири-бирине сөз тийгизе албайт. Эми эл аралык комиссия бир тууган элдин ортосунда иликтөө жүргүзсүн”, - деди Кулов.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубековдун пикиринде, чек ара чатагында аскер куралынан жай тургандар курман болуп, социалдык имараттар талкаланган кылмышка эл аралык уюмдар саясий баа бериши керек.

“Биздин прокуратура иш ачты. Эми топтолгон материалдардын негизинде дипломатиялык каналдар менен далилдер берилет. Бирок, аны Тажикстан тааныбайт. Бул белгилүү, ошондуктан алар да кылмыш ишин ачты, - деди Кушчубеков. - Бирок эл аралык уюмдар, журналисттер бар. Алар дагы өзүнүн пикирин айтат, бул бизге кошумча жардам болушу мүмкүн. Саясий болсо дагы баа берилиши керек”.

Кушчубеков Кыргызстандын укук коргоо органдары жаңжалды дыкат иликтеп, айныгыс далилдерди чогултушу керек экенин белгиледи.

Мурдагы дипломаттын айтымында, бир өлкөнүн укук коргоо органдары башка өлкөнүн жарандарына кылмыш ишин ачкан учурда далил материалдардын негизинде эл аралык издөө уюмдарына кайрылат. Бирок, тажрыйбада бир дагы мамлекет башка өлкөдө жасаган кылмышы үчүн өз жаранын өткөрүп бербейт.

Эксперттер талдайт: Чек ара чырын кантип чечебиз?


28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүзгө жакын имарат талкаланып, өрттөлгөн. Набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып 18 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG