Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Журналисттердин укугун коргогон адвокат Зикрацкий Беларустан чыгып кетти


Сергей Зикрацкий.
Сергей Зикрацкий.

Былтыр август айынан бери Беларустагы нааразылык акцияларын чагылдырганы үчүн куугунтукталган журналисттердин укугун сотто коргоп келген адвокат Сергей Зикрацкий 3-майда Литвага чыгып кетти.

Быйыл март айынын этегинде ал адвокаттык лицензиясынан ажыраган. Адвокат бир ай мурун жеке менчик юридикалык фирмасын жапкан.

"Азаттыктын" беларус кызматына Сергей Зикрацкий буларды айтты:

"Мен үй-бүлөм менен кетип жатам. Себеби 2020-жылдын август айынан бери бизге бул өлкөдө жашоо ыңгайсыз болуп калды. Биздин короодо бандиттер автомат көтөрүп алып чуркап жүрсө, түнкүсүн фонарь менен жарык берип, үй-бүлөм психологиялык кысымга дуушар болду".

Адвокат эми мындан ары Литвада жашай турганын, бирок иши Беларус менен байланыштуу болорун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG