Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Чек арадагы коогада беш жаштагы бала набыт болгону такталды


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийинки көрүнүш. Октун калдыктары.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийинки көрүнүш. Октун калдыктары.

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада Арка-2 айылында беш жашар бала көз жумган. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирди:

"29-апрелде Лейлек районунун Арка айылына тажик тараптан ок атыла баштаганда адамдар үйлөрүнөн качып чыгышкан. Ошол маалда 2016-жылы төрөлгөн Абидин Турсунбаев каналга түшүп кетип каза болгон".

Баланын өлүмүнө байланыштуу жагдайды Лейлек райондук милициясы териштирүүдө.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны ушуну менен 36га жетип, 183 киши жараат алды.

Ок тийип курман болгондордун арасында 13 жаштагы кыз да бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Жаңжал жер талаш катары мүнөздөлүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG