Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Коогада жарандардын жоголгон документтери акысыз даярдалат


Баткен коогасында набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды.
Баткен коогасында набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 3-майда брифингде билдирди. Анын маалымдашынча, буга байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлдү жана анын мүчөлөрү ушул учурда Баткенде документтерин жоготкон жарандардын тизмесин тактап жатат:

"Документтериңер күйүп кетсе, жоголуп кетсе, айрылып калса эч кам санабай биздин кызматкерлерди күтүп туруңуздар. Алар сиздерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу барып, катташат. Биз башка мамлекеттик органдардай эле бир күндүк маянабызды которуп жардам берели деп жатканбыз, бирок биз тамак-аш, кийим-кече, баарын жеткирип жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан айлыгыбызды сиздердин документтерге кеткен чыгымдарга жумшайлы деп өкмөттөн уруксат сурап жатабыз. Жоголгон, күйүп кеткен документтериңерди Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз жасап берет", -деди Мамбеталаиев.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак-жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG