Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Ятимов: Аскерлерди чек арадан чыгардык, абал тынч


Кыргыз-тажик чек арасындагы сүйлөшүү жүргөн жер
Кыргыз-тажик чек арасындагы сүйлөшүү жүргөн жер

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы жайларына кайтаруу тууралуу Кыргызстандын жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү 1-майда протоколго кол койгондон бери абал тынч. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы аймактагы кабарчысына таянып жазды. Маалыматка караганда, 2-майда Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жол ачык болду.

2-майда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов, транспорт министри Азим Иброгим жана Согд облусунун жетекчиси Ражоббай Ахмадзода Ворухта жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Тажик атайын кызматынын башчысы Ятимов:

"Биздин башкы максатыбыз - адамдарды тынчтыкта жашоого чакыруу. Буга чейин болгон өттү - кетти. Биз бүгүн адамдар тынчтыкта жашагандай шарт түзүшүбүз керек. Азыр аскерлерди чек арадан чыгардык. Куралдуу жаңжал аяктады. Биз эми кол коюлган келишимдин пункттарын кадам-кадамы менен аткарып, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара көйгөйүнө чекит коюшубуз керек”,-деп билдирген.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткен облусунда 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын расмий саны 178 киши. Үй-жайын таштай качып, куралдуу кагылыш жүргөн аймактан коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны облус боюнча 50 миңге жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG