Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр Венада уланды


Венадагы сүйлөшүүлөр
Венадагы сүйлөшүүлөр

Ирандын өзөктүк келишимин жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы 1-майда Австриянын борбору Венада өттү. Анын жыйынтыгында катышуучулары кийинки кадамдарга ар кыл баасын беришти. Бул сүйлөшүүгө катышып жаткан Германиянын, Франциянын жана Британиянын дипломаттары иш абдан жай жүрүп жатканын билдиришти.

Европалык дипломаттардын билдирүүсүндө “Бизде убакыт аз, бирок иш көп. Дал ушундай кырдаалда ушул жумада прогресс болот деп күттүк эле”,-деп айтылат.

Венадагы сүйлөшүүлөрдө негизги максат АКШнын Иранга санкцияларын алып, Тегеран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарышы үчүн жол картаны түзүү болууда.

Ирандын делегациясынын башчысы, тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Тегеран Кошмо Штаттардан банк, мунай сатуу жаатындагы санкцияларды алып салышын күтүп жатканын билдирди. Буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Саливан сүйлөшүүдөн жакынкы күндөрү жыйынтык чыгабы же жокпу - бул белгисиз экенин билдирген.

Бул сүйлөшүүнүн кийинки айлампасы 7-майдан соң уланышы мүмкүн.

2015-жылы Иран жана дүйнөнүн алты державасы менен өзөктүк программа боюнча келишимге кол койгон. Ага ылайык, Иран уранды байытууну 3,67 пайыздан өткөрбөөгө милдеттенме алган. Ал эми АКШ баш болгон өлкөлөр Тегеранга салынган санкцияларды жеңилдете баштаган. Бирок 2018-жылы бул келишимден Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен соң Иран уранды байытууну жандантканын жарыялаган.

АКШда быйыл жыл башында президент болгон Жо Байден бул келишимге кайтып келүү каалоосун билдирген соң сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG