Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

3-майдын аба ырайы


3-майда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15 күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 9…14 күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 12…17 күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17 күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11 күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 7…12 күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2 күндүз 9…14 градус болот.

3-майда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° ысык болот.

Чукул билдирүү

3-майда чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-138- (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246- (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун 199-215- (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Ош-Сары-Таш-Эркештам жолунун 165-179- (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG