Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Алматы, Чымкент: Нааразылыкка чыккандар кармалды


Алматыдагы кармалгандар
Алматыдагы кармалгандар

1-майда Алматынын борбордук паркында полиция нааразылыкка чыккандарды кармай баштаган. «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары парктан беш киши кармалганына күбө болушкан. Чет өлкөдө бозгунда жашаган казак оппозиционери, мурдагы банкир Мухтяр Аблязов жергиликтүү убакыт боюнча саат бирге жарандарды нааразылык акциясына чыгууга чакырган.

Полиция кармаганга чейин беш киши өз талаптарын айтып калууга жетишти. Алар өлкөдөгү саясий туткундарды абактан бошотууну, Европа парламентинин адам укуктары боюнча резолюциясын аткарууну, азык-түлүктүн баасынын асмандап баратканына каршы чараларды көрүүнү жана эмдөөгө мажбурлоону токтотууну талап кылышты.

Көп өтпөй полиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап, атайын даярдалган автоунаага салышты.

Алматынын Борбордук паркы бүгүн иштеген жок. Бир күн мурда шаардын бийлиги сейил бакта дезинфекция жүрөрүн кабарлаган. Шаарда коомдук транспорттун маршруту өзгөртүлүп, парк тарапка кетчү автобус жана троллейбустар жүргөн жок. Муну шаар бийлиги «кабелдик түйүн жана троллейбус линиясындагы ремонт» менен түшүндүрдү.

Полиция бирин-экин адамдарды Алматыдагы Жибек жолу көчөсүндө кармап кеткени кабарланды.

Ал эми Чымкентте төрт адам «Кыял ааламы» деп аталган парктын жанында кармалды. Бул жерде митинг болорун Аблязов жарыялаган. Полиция акциянын катышуучуларын эмне себептен кармап жатканын түшүндүргөн жок.

Белгисиз бирөөлөр «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысына окуяны чагылдырууга тоскоолдук жаратты.

Чымкенттик активист Мурат Аштаев үйүнүн алдында таң эртеден бери полиция кызматкерлери акмалап турганын билдирген.

Аблязов митинг өтөт деп жарыялаган бир катар шаарларда белгиленген жерлер жабык турду. Нур-Султанда Теннис федерациясынын имаратына кетчү жолду ремонтко жаап салышты. Ал эми Актөбөдө борбордук базар санитардык күн деп ачылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG