Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Баткенде кыргыз-тажик өкмөттүк сүйлөшүүлөрү башталды


Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү жүрүп жатканын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 1-майда саат 16да кабарлады.

Маалыматка караганда, кыргыз тарапты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын бул өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектөөдө.

Бул жолугушуу эки өлкөнүн президенттеринин бүгүнкү телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин башталганы кабарланды.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

1-2-май Кыргызстанда улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG