Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Маргундуктар Жапаровду Баткендеги абалды өз көзү менен көрүүгө чакырууда


Баткен облусу. Тажикстандык аскерлердин аткылоосунан жабыркаган айылдар.
Баткен облусу. Тажикстандык аскерлердин аткылоосунан жабыркаган айылдар.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

30-апрелде Интернетте жарыяланган видео кайрылууда алар президентти Баткенге барып, абалды өз көзү менен көрүүгө чакырышты. Тажикстан менен чек ара маселесин токтоосуз чечип берүүнү талап кылышты.

Алардын маалыматына караганда, Маргунда башка айылдардан качып келгендер көп. Айылдагы мечит, чайкана, балдар бакчасы, мектеп жана башка социалдык объектилер толуп калды:

"Эл дагы деле качып келе жатат. Жетекчилериңиз "баары тынч, жакшы, токтоду, сүйлөштүк" деп элди алдап жатышат. Элди алдаганы - сизди алдаганы".

Чогулгандар бийлик өкүлдөрү "абал тынч" деп туура эмес маалымат беришти деген нааразылык билдиришти:

"Келип көрүп кетиңиз, мындай абалды билиңиз, урматтуу президент! Сизди ушул карапайым эл ишенип шайлаган", - деди Маргундун тургундарынын бири.

Президентке кайрылгандардын бири чек арачылардын абалы, алардын курал-жарак менен камсыздалышы чабал деп сынга алды:

"Запаста бир дагы автомат жок. Кандай чек ара бекети бул? Кайдыгер карабаш керек да. Бирдеме десе эле "чек араны коргоп турган эл баатыр эл" дейт. Баатыр элди мүңкүрөтүп бүттү биздин бийлик".

Президенттик аппарат мындай билдирүүгө жооп бере элек. Учурда Баткенде абал кайрадан чыңалууда.

Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду.
Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда. Тажик тарап бул боюнча расмий маалымат бере элек.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 31 адам каза болду, 154 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Ош-Баткен-Исфана автожолу өтөт. Бул жол эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 30-апрелдин кечинде ачылганы расмий жарыяланган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG