Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп жаткан Ат оюндары өтпөй турган болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жеңиш күнүнө карата пландалып жаткан быйылкы республикалык ат оюндары өткөрүлбөй турган болду. Бул тууралуу 30-апрелде “Азаттык” радиосуна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин пресс-кызматынын башкы адиси Айгерим Капарова кабарлады.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирус боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абалга жана кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Жыл сайын түрдүү майрамдарга карата ат оюндары улам бир облуста өткөрүлүп келет. Быйыл 9-майда көк бөрү, салбуурун, эр эңиш оюндары Таласта, ат чабыш Ошто өтмөй болуп жаткан.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасында чыр чыгып, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ок атылган. Кыргызстан тараптан кеминде 134 адам жараат алып, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Коронавирус боюнча абал соңку бир айда кайра курчуп, ооруну жугузуп алгандар жана каза болгондор бир нече ай мурдагыга караганда көбүрөөк катталууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG