Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

БУУ кыргыз-тажик чек арасындагы абалга тынчсызданды


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу үн катты. Уюмдун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак 29-апрелдеги брифингде эл аралык уюм акыркы абалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.

“Биз акыркы кабарларды көрдүк, тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Эки тарап, Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкени тууралуу кабарыбыз бар. Эгер ушундай болсо, аны кубатташыбыз керек. Биз эки тарапты тең кандай гана чечилбеген маселе болбосун түз сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен чечүүгө чакырабыз”,-деди.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал кескин курчуп, ок атуу, адам өлүмү менен коштолду. Эки тарап ок атууну баштоого бири-бирин айыптап жатат.

30-апрелдин эртең мененки саат 7:50сүнө карата расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгон кыргызстандыктар 13кө жетти. Ал эми жараат алгандардын жалпы саны 134 адам. Тажик тараптан онго жакын адам жараат алганы 29-апрелде кабарланган.

Буга чейин Казакстан жана Өзбекстандын бийлиги билдирүү таратып, эки тарапты тынчтыкка чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG