Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Тажикстандын тышкы иштер министри Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү менен сүйлөштү


Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.
Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.

29-апрелде Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриандын демилгеси менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин сайтына чыккан маалыматка караганда, эки тараптын сүйлөшүүсүнүн алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды. Мухриддин Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймактардагы абал, ок атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган чаралар, кырдаалды мындан ары жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

Ошондой эле билдирүүдө Буриан Тажикстан жетекчилигинин ок атышууну токтотуу боюнча чечимин кубаттап, Евробиримдик эки кошуна мамлекеттин биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууда техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтканы жазылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрель, кечки саат 20:00дө эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы кабарланган.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрель, саат 22:30га карай берген маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышуудан жарадар болгондордун саны 46га жетти. Алардын бирөө каза болду, 44ү Баткен облусундагы ооруканаларга ар түрдүү жаракат менен жаткырылды. Бир тургун үйүндө дарыланууда.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG