Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Министр Казакбаев: Тажик тарап менен сүйлөшүү уланууда


 Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

“Азаттык”: - Руслан мырза, буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министри менен сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы жерлерине кайтаруу боюнча макулдашканыңар кабарланды. Учурда ок атууну токтотуу макулдашуусу сакталып жатабы? Сүйлөшүүлөр улануудабы?

Руслан Казакбаев: - Ушул убакытта буга чейинки тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал сүйлөшүүлөргө бизден Чек ара кызматынын башчысы, өкмөттүн Баткендеги өкүлү, УКМКнын төрага орун басары жана ал тараптан да ошондой курамдагы делегация катышууда. Анда мындан аркы кадамдар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Азаттык”: - Буга чейинки сүйлөшүүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн тартып ок атууну токтотуу жана аскерлерин мурдагы жерлерге алып кетүү макулдашылганы айтылган. Аскерлер чыгарыла баштадыбы?

Руслан Казакбаев: - Ок атуу токтоп калды. Бирок ал жерде ар кандай чагымчыл аракеттер орун алып жатат. Биз азыр Тажикстандын тышкы иштер министри баштаган башка түзүмдөр менен байланышып жатабыз. Күч түзүмдөрү да байланышта. Анын сыртында да башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу сөз болуп жатат.

“Азаттык”: - Чек арада чатак ок атуу менен коштолуп, бир топ адамдар жаракат алды. Каза тапкандар болду. Бул жаңжалдын себептери, ким жоопкерчилик алышы керек - ушул маселелер боюнча сүйлөшүү болдубу? Эки тараптан тең комиссия иш алып барабы?

Руслан Казакбаев: - Алдыда белгилегендей, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Андай комиссия болобу - бул дагы макулдашылат. Мындан ары да эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясы ишин улантат. Азыр эки тарап тең маселени тынчтык жол менен, саясий-дипломатиялык жол менен чечиш керек деген позицияда турабыз.

“Азаттык”: - Кыргызстан менен Тажикстан ЖККУнун мүчөсү. Бул чыр-чатакты жөнгө салууда Өзбекстан сыяктуу коңшулар да тынчсыздануусун билдирип жатат. Учурда башка өнөктөштөр менен сүйлөшүү болуп атабы?

Руслан Казакбаев: - Бул - эки кошуна мамлекеттин иши. Азыр башка тараптар, биздин өнөктөштөрүбүз да абалга кылдаттык менен карап турганы боюнча маалыматтарды берип жатат. Мисалы, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тынчтыкка чакырып, кайрылуусун жасады. Башка өлкөлөрдө да маалыматтар чыгып жатат. Мындай учурда айрым маалыматтар чындык болсо, кээ бир учурда жалган болуп жатат. Биздин өнөктөштөр жагдайга көз салып турат деп ишенем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG