Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:40

Баткен: Атышуу Лейлекте да башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Лейлек районунда да кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталды. Бул тууралуу 29-апрелде саат 18:50дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, атышуу Кулунду жана Максат айылдарында жүрүп жатат.

Бир аз мурдараак Баткен районунун Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө Тажикстандын тик учактары байкалды.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан жалпысынан 17 адам жараат алды, бирөө каза болду. Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги 29-апрелде чек арадагы чатактан эки тажик жараны жараат алганын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG