Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

"Samsung" мурастын эсебинен мамлекетке 11 млрд. доллар салык төлөйт


Ли Гон Хи.
Ли Гон Хи.

"Samsung" компаниясынын негиздөөчүсү Ли Гон Хинин үй-бүлөсү саламаттык сактоонун кайрымдуулук фонддоруна миллиарддаган доллар бөлүүгө убада кылды. Ли Гон Хинин искусство коллекциялары мамлекеттик музейге тапшырыла турган болду.

Мындан сырткары "Samsung" компаниясынын кожоюндары анын негиздөөчүсүнөн калган мурастын эсебинен 11 млрд. долларды мамлекеттик казынага салык катары төлөйт.

Маркумдун үй-бүлөсү тараткан маалыматта бул сумма беш жыл ичинде алты транш менен бөлүнүп төлөнөрү көрсөтүлгөн.

Бул дүйнө жүзүндөгү байлардын арасындагы мамлекетке жана кайрымдуулук фондоруна ыйгарылган ири өлчөмдөгү белек болгону белгиленди.

Былтыр октябрь айында Линин өлүмүнөн кийин анын байлыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө алты ай убакыт берилген. Анда маркумдун компаниясындагы 20 млрд. долларлык мурасынан мамлекетке 60 пайыздык салык алуу тууралуу сөз болгон.

Түштүк Кореяда 1930-жылдары ишкерликти кургатылган балык жана жашылча сатуудан баштаган "Samsung" компаниясынын кожоюну дүйнө жүзүндөгү алдыңкы электрондук жабдууларды өндүрүүчүгө айланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG