Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Бишкекте электр менен жүрүүчү унаанын алгачкы жүрүшү өттү


Бишкекте электр менен жүрүүчү унаанын алгачкы жүрүшү өттү. 2021-жылдын 28-апрели.
Бишкекте электр менен жүрүүчү унаанын алгачкы жүрүшү өттү. 2021-жылдын 28-апрели.

Бишкекте биринчи жолу электробайктардын жана электромобилдердин жүрүшү өттү. 28-апрелде электр менен жүрүүчү 40ка жакын унаанын айдоочулары шаардын көчөлөрүн “Тез жардамдын» жана милициянын коштоосунда аралап өтүштү.

Жүрүшкө Tesla автомобилинен баштап кыргызстандык окуучулар ойлоп тапкан электровелосипеддер катышты.

Иш-чараны Бишкек шаарынын 129 жылдыгына арнап борбордун мэриясы жана электротранспорт айдоо идеясын жайылтып жаткан "Экобайк" компаниясы экологияны жакшыртуу, айдоочуларды үндөө максатында уюштурушту.

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардык транспорт системасына гибрид жана башка электроунаааларды киргизүү зарылдыгын белгиледи:

"Шаардыктарды ушундай машиналарга отургузардан мурда буларга шарт түзүп бериш керек экен. Ошо шартты биз азыр сүйлөштүк. Айтып коюш керек, бир литр бензиндин баасы кете турган акчага ушу бир машинени толук заряд кылса болот экен”.

2020-жылдын күз айларынан бери Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы эң көп булганган шаарлардын сап башында турду. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, автотранспорт айлана-чөйрөнү көбүрөөк булгап, жылына 180 миң тонна түтүн чыгарууда.

Кыргызстанда электр менен жүргөн унаанын саны 200гө чукулдап калды. Алардын басымду бөлүгү Бишкекте. (KA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG