Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Таласта саяпкерлердин нааразылык акциясы өттү


Таластын облустук акимчилигинин алдында бүгүн 28-апрелде Жеңиш күнүнө карата өтө турган ат оюндарына байланыштуу нааразылык акциясы өттү.

Жергиликтүү 30дай саяпкер чогулуп, оюндардын баарын Таласта өткөрүүнү талап кылышканын “Азаттык” радиосуна облустук ат чабыш федерациясынын жетекчиси Камчыбек Жөнөтбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын түрдүү майрамдарга карата ат оюндары улам бир облуста чогуу өткөрүлүп келет жана быйыл Таласта өтөрү тууралуу чечим Бишкекте 15-апрелде кабыл алынган:

“Көк бөрү, салбуурун, эр эңиш, ат чабыш баары Таласта өтө деген Жобо иштелип чыккан 15-апрелде. Ага ар бир федерациянын президенти кол коюп, долбоорду спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция бекиткен. Эми ат чабыш Ошто өтөт деп чыгарышыптыр. “Ат чабышты эми баргыла, Оштон көргүлө” деп коебу, кандай болот?”

Чогулгандар менен өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жолугуп, бул иш-чара боюнча аларга эч кандай кат барбаганын билдирди.

Акцияга чыккандар талаптарын тийиштүү мекемелерге жазуу түрүндө да жөнөтүшкөнүн, жообун эки күн күтүп, эгер талабы аткарылбаса Бишкекке келерин айтышты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, ат оюндарынын бардык түрлөрү боюнча республикалык оюндарды 9-майда Таласта өткөрүү, болгону ат чабышты Ошто уюштуруу тууралуу чечим Кыргызстандагы саяпкерлердин көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG