Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Чуу жараткан иштер боюнча айыпталган аялдар маселеси парламентте көтөрүлдү


Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

Коомдо резонанс жараткан иштер боюнча айыпталып жаткан аялдар маселеси 28-апрелде парламентте көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева ал аялдарды үй камагына чыгарып же күрөө, тил кат сыяктуу бөгөт чарасын колдонгон туура болорун белгилеп, тийиштүү органдарга кайрылды.

“Иш мыйзамга ылайык тергеле берсин, бирок бөгөт чарасын лоялдуу кылса болот го! Бул таптакыр гумандуу эмес. Башкы прокуратурадан, бардык тергөө жана укук тартибин коргоо, сот органдарынан абдан өтүнөм. Балалуу аялдар балдарын таштап чет жакка кетип калышпайт”.

Диний кастыкты козуткан деген шек менен кармалган окутуучу Гүлзат Аалиева 23-апрелде эки айга үй камагына алынган.

"Манас" аэропортунда жүк ташуу менен алектенген түркиялык “Gata Airlines” компаниясынын жетекчиси Ксения Барабаш “Коррупцияга катышуу” деген берененин негизинде шектүү катары кармалып, 22-апрелде бир айга камалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG