Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38

Садыр Жапаров кумарканалар боюнча мыйзамга вето коюуга даяр


Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кумарканалар тууралуу түшүндүрмө берип жаткан учуру
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кумарканалар тууралуу түшүндүрмө берип жаткан учуру

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумарканаларды ачууга уруксат берген мыйзамга вето коюуга даяр. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына билдирүү чыкты.

“Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл облусунун аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр”, - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин 26-апрелде Садыр Жапаров “Пирамида” телеканалына маек куруп, бардык аймактарда жана Бишкекте кумарканаларды ачууну колдой турганын айткан. Ал бул тармакты экономикага пайда алып келчү ири киреше булагы деп атаган.

22-апрелде Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берген.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG