Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Тажикстан: Ооганстандан 90 кг алтын жана 15 млн. доллар алып өткөн аткезчи топ соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү шаардык соту тогуз адамды чуулгандуу аткезчилик боюнча кылмыш ишине айыптуу деп таап, ар бирин эки жылдан беш жарым жылга чейин эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

Алардын арасында Тажикстандын ички иштер органдары менен бажы кызматынын өкүлдөрү да бар. Соттолгондордун экөө ооган жараны экени белгилүү болгон. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Соттун өкүмүндө соттолуучулар Ооганстандын жарандары менен чогуу көп жылдан бери тажик-ооган чек арасында ири өлчөмдөгү чет элдик валюта жана алтын аткезчилиги менен алектенип келгени белгиленген.

Бул жолу жыл башында аталган аткезчи топ Ооганстандын аймагынан 90 кг алтын куймасын жана 15 млн. долларды чек арадан алып өткөндөн кийин камакка алынган.

Сот өкүмүндө соттолуучулар Махмадали Сафаров менен Субхиддин Назаровду аткезчилик топтун анабашчылары катары айыпталган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча алар 2018-2020-жылдары алтын куймасын жана чет элдик валютаны аткезчилик жол менен Ооганстандан алып чыгып, Тажикстандын аймагы аркылуу Бириккен Араб Эмираты менен Түркияга ташып турган.

Ооганстандын телеканалы буга чейин өз булагына таянып, Тажикстанда кармалган алтын жана чет элдик валюта ооган парламентинин экс-вице-спикери Мохаммад Мирзо Катавозаевге таандык экенин кабарлаган. Ал өзү кезинде муну четке каккан. Бирок көп өтпөй эле бул аткаминер кызматынан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG