Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Чек ара чырына айыпталган баткендик Орусияда камакка алынды


Баткен, Көк-Таш айылы.
Баткен, Көк-Таш айылы.

18-апрелде Орусиянын аба майданынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов калайман башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Мажитовдун жакындарынын айтымында, ага тажик бийлиги оор беренелер менен айып койгонун жана эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген.

"Жолдошум быйыл 18-апрелде Орусиянын Төмөнкү Новгород шаарына иш издеп барган. Ал учактан түшөрү менен полицияга кармалган экен. Орус сотунун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилиптир. Чогуу баргандар кабар беришти. Учурда адвокат жалдап, зарыл болгон кагаздарды жөнөтүп жатабыз. Кармалган себебин тажик тараптын эл аралык издөөгө алуу өтүнүчү менен ишке ашканын айтышкан. Колдон келген аракетибизди жасап жатабыз, бирок бийлик жардам бербесе маселе кыйын болчудай", - дейт Мажитовдун аялы Айзада Хамдамова.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова бул ишти Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирди. Маалыматка ылайык, Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакта турат. Өткөн жылы анын үйүнө жакын жерде чек арада чыр чыгып, эки тараптан ок атышуу болуп, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана жергиликтүү элдин колдоосу менен үй-жайы калыбына келтирилген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG