Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

COVID-19: Индияда сөөктөрдү өрттөп үлгүрбөй жатышат


Индияда кремторийлердин кызматкерлери коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрүн өрттөп жетишпей жатышат. 23-апрель., 2021-жыл.
Индияда кремторийлердин кызматкерлери коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрүн өрттөп жетишпей жатышат. 23-апрель., 2021-жыл.

Индияда коронавируска байланыштуу кырдаал жакшыра элек. Бейтаптар ооруканаларга узун кезекте турган жеринен үзүлгөн учурлар катталып жатат.

Соңку үч күндөн бери илдетке кабылгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 300 миңден ашып, бул оорудан эки миңден көп бейтап көз жумууда. Ооруканаларда керебет жана кычкылтек концентраторлору жетишсиз.

Индиянын баш калаасы Нью-Делидеги крематорийлердин кызматкерлери бир аптадан бери тыным албастан коронавирустан өлгөндөрдүн сөөктөрүн өрттөп үлгүрбөй жатышат. Январь айында эле өлкөнүн премьер-министри коронавирусту жеңгенин жарыялап, Индия вакциналарды өндүргөн "дүйнөлүк дарыканага" айланганын жана өнүгүп бараткан башка мамлекеттерге үлгү боло аларын айтып мактанган эле.

Үч ай өтпөй кырдаал таптакыр башка нукка бурулду. Өкмөт учурда кычкылтек концентраторлорун жана тийиштүү дары-дармекти өндүрүүнү көбөйтүүнү суранып ишкерлерге кайрылды. Айрымдар Индиядагы азыркы абал үчүн бийликти күнөөлөп жатышат.

"Эгер бир жыл мурда ушундай болсо, түшүнүктүү эле. Анда эч ким билчү эмес. Бирок өкмөт эми баарын билет, аларда даярдыкка бир жыл бар болчу. Аны текке кетиришкен. Эми бизде тандоо жок. Башка аргабыз жок",-дейт баш калаанын тургундарынын бири.

Ооруканалардын жанынан дем жетпей кыйналып жаткан бейтаптардан турган узун кезектерди көрүүгө болот. Алардын айрымдары дарыгерге жетпей эле, турган жеринен үзүлүп кеткен учурлар жок эмес.

Жакында эле баш калаадагы спорттук комплекстердин бирин 900 орундуу бейтапканага айландырышкан. Ал ачылгандан бир нече күн өтпөй эле толуп кады. Нью-Делидеги ооруканалардын биринин дарыгери Рана "экинчи толкун цунамидей эле каптаганын" айтат:

"Кычкылтек концентраторлору, ооруканадагы орундар жетишпей жатат. Баарынан да кычкылтек менен камсыздоо маанилүү. Соңку беш-алты күндөн бери өлкөдөгү ар бир оорукана согуштагыдай күрөшүп жатат".

Айрымдар вирустун кеңири жайылышын адамдардын санитардык эрежелерди сактабай, той-топурларды, саясий иш-чараларды кеңири өткөрүп жиберишкенинен көрүшөт. Башкалары буга коронавирустун Индияда пайда болгон жаңы "эки жолу мутацияланган" түрү себеп экенин айтышат.

24-апрелде коронавируска чалдыккандардын бир күндүк көрсөткүчү дагы жаңы чекке жетип, 346 миң адамдан ашты. Бул илдеттен 2624 бейтап көз жумду. Ошентип 1,3 миллиард калкы бар Индия каза болгондордун жалпы санына карап, АКШ, Бразилия жана Мексикадан кийинки эле төртүнчү орунга чыкты.

Эл аралык жардам

Индияга бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ дагы жардам берерин билдирди.

"Биз COVID-19 күч алып жатканда кыйналып жаткан Индия эли үчүн чын жүрөгүбүздөн сарсанаа болуп жатабыз. Биз Индия өкмөтүндөгү өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуудабыз жана тез аралыкта Индия элине жана Саламаттык сактоо системасынын баатырларына кошумча жардам жөнөтөбүз",-деп жазды АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Твиттерге".

25-апрелде Ак үй Вашингтон Индияга вакцина өндүрүү үчүн чийки заттарды, медициналык жабдыктарды, тесттерди жана коргонуучу каражаттарды жеткирерин билдирди. Анткени Индиянын вакцина өндүрүү аракети чийки заттын жоктугунан үзгүлтүккө учураган.

Индиядагы "AstraZeneca" вакцинасын өндүргөн институт бул жумада айына 60-70 миллион доза гана чыгара аларын, 100 миллионго жеткирүүгө чамасы жетпестигин билдирген.

Учурда Индияда вакцинанын 130 миллион гана дозасы сайылды. Өткөн айда Нью-Дели вакцина экспортун чектеген.

Буга чейин Европа биримдиги Индияга медициналык жабдыктарды жана кычкылтек концентраторлорун жеткирүүнү убада кылган. Ал арада Британия Нью-Делиге жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана медициналык каражаттарды жөнөткөнүн маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG