Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:15

Валентина Шевченко бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду


Валентина Шевченко беттештен соң. АКШ, Жексонвилл шаары. 24-апрель, 2021-жыл.
Валентина Шевченко беттештен соң. АКШ, Жексонвилл шаары. 24-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 261 мелдешинин алкагындагы беттеште бразилиялык Жесика Андрадени техникалык нокаут менен жеңип, бешинчи жолу чемпиондук наамын коргоду. Турнир 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өттү.

Эки раундга созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөтүп, экинчи раундда атаандашы Жесиканы жерге жыгып, катар-катар сокку уруп жатканда калыстар беттешти токтотту. Техникалык нокаут менен жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук наамын 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Йоанна Ежейчикти жеңгенден кийин алган. Андан бери беш жолу мелдешке чыгып, чемпиондук курду коргоп келе жатат.

Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбоксингдин К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Азырынча дүйнөдө Валентинага тең келген анын салмагындагы мушкер кыздар жок.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG