Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

"Кемпир-Абад": Ташиев Өзгөндө митингге чыккандар менен жолугат


Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынындагы митинг. 24-апрель, 2021-жыл.
Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынындагы митинг. 24-апрель, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 25-апрелде Өзгөн районуна барып, «Кемпир-Абаддагы» жерлердин алмашуусуна каршы акцияга чыккандар менен жолугат. Маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгү ырастады.

Атайын кызматтын жетекчиси эл менен Куршаб айылындагы стадиондо жолугары күтүлүүдө.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы төрт күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы чыгышты.

23-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, "Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин" деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG