Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Орусия "Медуза" басылмасын "чет өлкөлүк агент" деп тааныды


Орусиянын Юстиция министрлиги кеңсеси Латвияда жайгашкан “Медуза” басылмасын "чет өлкөлүк агент" деп тааныды.

Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында кабарланды. Анда бул чечим “Орусия Федерациясынын учурдагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында” кабыл алынганы жазылган.

“Медуза”- орус тилдүү басылма. Аны Lenta.ru басылмасынын мурдагы башкы редактору Галина Тимченко баштаган журналисттер негиздешкен. Редакция 2014-жылы октябрда иштей баштаган.

"Чет өлкөлүк агенттер" жөнүндөгү мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Былтыр ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштады. Ал реестрде ушу тапта 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG