Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Боршайком КЭДПны шайлоодон четтеткен чечимди кабыл алды


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана КЭДП/НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана КЭДП/НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде өткөн жыйынында Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Мындай жыйынтык үчүн БШКнын тогуз мүчөсү “макул” деп добуш берсе, эки мүчөсү каршы болду. Партияга бул чечимден кийин Бишкек шаардык кеңешине мандат берилбейт.

Түн оогонго чейин уланган жыйындан кийин Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын мүчөлөрү БШКнын чечимине макул эместигин билдиришти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы бир тараптын буйругун аткарганын белгилеп, сотко кайрыла турганын айтышты.

БШКнын жыйынын толук видеодон көрө аласыз.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде өткөн жыйында КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон.

КЭДП Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен марага үчүнчү болуп келген. Партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов сүрөөнгө алганы тууралуу сөз бар. КЭДПны генерал-майор Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG