Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

ӨКМ: Таласта сууга чөккөн наристе табылган жок


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Таласта 10 күндөн бери дайыны табылбай жаткан эки жаштагы наристени издөө иштери токтотулду.

Бул тууралуу "Азаттык" радио Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда 12-апрелде Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын эки жаштагы тургуну Талас дарыясына түшүп кетти деген маалымат тараган.

Он күн ичинде куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте 35 чакырым алыстыкта издөө иши жүрүп, жыйынтык чыккан эмес. Ата-энесинин тил катынын негизинде наристени издөө иштери токтотулду. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG