Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:41

Аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү


Кыргызгидрометагенттиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 21-24-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын табы төмөндөп, жаан-чачын көп болот.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -3-4° үшүк жүрөт. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдордун айрым тилекелерине муз тоңот, кар күрткүсү болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

21-апрелде Талас облусунун Кара-Буура районуна кар жааганын “Азаттыктын” угармандары кабарлашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG