Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

БШК Кубанычбек Жумалиевдин депутаттык мандатын токтотту


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу токтомду БШКнын мүчөлөрү 21-апрелдеги олтурумунда кабыл алышты.

Баяндамачы, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев жыйында Жумалиев мандатын тапшыруу арызын өз ыктыяры менен 13-апрелде тапшырганын маалымдады. Ыйгарым укуктарын токтотуунун себептери айтылган жок.

Мурдагы премьер-министр, ошол кездеги депутат Кубанычбек Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыптап, камакка алган.

Ал март айынын башында кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу Бишкектеги менчик ооруканага жатканы кабарланган. Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта билдирген. Ал мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен 12-апрелде бошотулган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алуу, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып жаткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG