Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера фестивалы болот


Болот Миңжылкыев. Архивдик сүрөт.
Болот Миңжылкыев. Архивдик сүрөт.

Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера фестивалы 21-апрелде Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башталат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, фестивалга Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

Фестиваль бүгүн саат 18:00дө Жузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылат. 23-апрель күнү гала-концерт өтүп, фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концерт уюштурулат. Анда улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.

Иш-чара 25-апрелде Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктайт. Фестивалдын дирижеру Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов.

СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Атактуу ырчы 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал бас үндүү опера ырчыларынын бири болгон. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG