Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Чаддын президенти оппозиция менен кармашта каза тапты


Чаддын президенти Идрисс Деби Итна Нджаменадагы тарапташтарынын митингине көз салып турат. 15-апрель. 2006-жыл.
Чаддын президенти Идрисс Деби Итна Нджаменадагы тарапташтарынын митингине көз салып турат. 15-апрель. 2006-жыл.

Чаддын 68 жаштагы президенти Идрисс Деби Итна 20-апрелде өлкөнүн батышындагы куралдуу оппозиция менен кармашта оор жараат алып, ошол күнү көз жумду.

Ал жакында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткени расмий жарыяланган.

Бул тууралуу “Agence France-Presse” агенттиги Чаддын мамлекеттик телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Армиялык корпустун генералы саналган Деби республиканы дээрлик 31 жыл башкарды. Ал 1990-жылы өзүнө караштуу аскерлер менен баш калаа Нджаменаны басып алган. Идрисс Деби Итна Ливия менен Судандын диктаторлору Муаммара Каддафинин жана Омар ал-Баширдин колдоосу менен өзүнүн мурдагы командири, диктатор Хиссен Хабрени бийликтен кулаткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары президент Дебини оппозицияны басып, авторитардык башкарууну орноткону үчүн айыпташкан.

Соңку президенттик шайлоодо Идрисс Деби Итна шайлоочулардын 79,32% добушун алганы расмий жарыяланган. Бул анын акыркы президенттик мөөнөтү экени жана ал бийликти уулу Махаматка мураска калтырууга даярданып жатканы сынга алынган.

Президент өлгөндөн кийин республиканын аскер жетекчилери бийлик 18 айга чейин Махамат Идрис Деби башында турган аскердик кеңешке өткөнүн жарыялашты. Өлкөнүн чек аралары жабылып, коменданттык саат киргизилди.

11-апрелдеги президенттик шайлоо өткөн күнү Ливиянын аймагынан Чадга жалданма куралдуу топтор басып кирген. Бул топтор шайлоодогу башка бир талапкер генерал Халиф Хафтарды колдоп чыгышкан. Идрисс Деби Итна чабуулдун мизин кайтаруу операциясын жеке өзү жетектеп жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG