Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Комментарий жазуу эрежеси өзгөртүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык” үналгысынын интернеттеги кыргыз, орус барактарында жарыяланган материалдарга көп жылдардан бери окурмандар атын жашырып, ар кандай жасалма, же жалган ысымдарды колдонуп пикир калтырып келишти. Өз ысымын ачык жазган окурмандар деле аз эмес. Бул, балким, кайсыл бир деңгээлде биз көтөргөн темалар боюнча коомдук талкууну кызытууга, калың элдин пикирин, көз карашы кандай экенин билүүгө, изилдөөгө көмөк болуп келгендир. Сөз эркиндиги басым-кысымга алынып, сын пикир айтуу кооптуу болуп турган учурларда ар бир макаланын астындагы “пикир калтыруу” бөлүгүбүз кадимкидей кызуу талаш-тартыштын аянтына айланып кеткен учурлар да болду.

Ошол эле маалда кээ бир окурмандар кимдир-бирөөнү ашыкча сындап, жалаң терс маанайдагы комментарий калтырууга адистешип алганын да моюнга алышыбыз керек. Бир нече жыл мурдараак белгилүү укук коргоочу эжебиз: “Силерге маек бергенден да чочулайм. Астына мени жамандап жазчулар куралданып даяр турушат. Алардын субъективдүү, жеке адамдык эмоционалдуу пикирин чыгаргандан силерге эмне пайда?” деп нааразы болгону да эсимде.

Айрым саясатчы, же бай адамдарды ашыра мактап ай-күнгө теңеген, алардын оппоненттерин жаман сөздөр менен ченебей каралай турган жасалма адамдардын, же акча төлөнгөн "троллдор армиясынын" далай комментарийлери биздин барактарга чыгып кеткенин, аларды окуп сорттогонго далай убакыт, мээнет кеткенин да моюнга алышыбыз керек. Open Democracy басылмасы жазгандай, Кыргызстанда интернет-троллдор (жасалма, же жалган ысым алдында жазган адамдардын армиясы) күчтүү саясий курал гана болбостон, абдан кирешелүү бизнеске да айланды. Ошондой "троллдор фабрикасында" иштеген айрым адамдар аттарын жашырып айтып бергендей, өлкөдө алардын ишмердиги килейген интернет-пропаганда машинесине айланды.

Кээ бир жылдары дин темасына кандай материал жазылса да агрессивдүү комментарийлер жайнап кетип, коомдогу сабырдуулук абдан төмөндөп кеткенин түшүнүүгө, аял саясатчыларды эркектерге караганда качан болбосун басмырлаган пикир жазчу окурмандарыбыз даяр экенин аңдоого бай булак болуп бере алды.

Кийинки жылдары Кыргызстанда интернет, социалдык тармактар ушунчалык өнүккөндүктөн, азыр эми жаш баладан улгайган карыяларга чейин каалаган маселеси боюнча жеке пикирин жалаң текст түрүндө эмес, видео, сүрөт кошуп жайгаштырып, коомдук пикир, андагы тенденцияларды изилдөөгө башка альтернативдүү платформалар көбөйдү.

Ушулардын баарын эске алып, мындан ары “Азаттык” үналгысынын сайттарында комментарий, же пикир калтырууну "Фейсбуктагы" жеке барагыңыз аркылуу гана ишке ашыра аласыз. Эрежелер ар бир материалдын алдындагы “пикир калтыруу” бөлүгүндө түшүндүрүлүп жазылып турат.

Биз кыргыз коомунун келечеги үчүн маанилүү маселелерди, жалпы өнүгүү үчүн талылуу темаларды чагылдырууну уланта беребиз. Мындан ары баарыңарды ачык-айрым пикир алышуу, талкууларга катышууга чакырабыз.

Венера Сагындык кызы,

“Азаттык” радиосунун жетекчиси

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG