Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

ЖК: улутташтырылган мүлктөргө байланыштуу маселе көтөрүлдү 


Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр. (Архивдик сүрөт)
Бакиевдин уулуна тиешелүү делген "Ideal house" деп аталган жердеги үйлөр. (Архивдик сүрөт)

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев апрель ыңкылбынан кийин мамлекеттин карамагына өткөн мүлктөрдү ээлерине кайтарып берүү аракети жүрүп жатканын айтып чыкты. Ал 20-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында ушул тапта айрым бир адамдар мындай мүлктөрүнүн тизмесин алып Жогорку сотто жана башка укук коргоо органдарында жүргөнүн белгиледи.

"Улутташтырылган мүлктөр кайра ээлерине кайтарылбашы керек. Ал мамлекеттин кызыкчылыгында болуш керек. Бул тууралуу ар бир процесс ачык болуп, элге жетип турушу шарт. Аны прокуратура көзөмөлгө алышы абзел”.

2010-жылы апрель окуясынын шары менен бийликке келген Убактылуу өкмөт Бакиевдердин бийлигинин тушунда мыйзамсыз сатылган жана менчиктештирилген ондогон мүлктү улутташтырган. Кыргыз соттору мурдагы президент менен анын жакындары, өнөктөштөрү кыргызстандык жана чет элдик шериктери менен чогуу бир нече миллиондогон доллардык бюджеттик акчаны жана мүлктү өз кызыкчылыгында тегереткен деп айыптаган.

Жакында эле Экономика министрлиги 2010-жылы улутташтырылган объекттерге байланыштуу мыйзам долбоорун даярдап, аны коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекеттин менчигине өтүп кеткен мүлктүн ээлери сотко кайрылып, менчикке болгон укугун коргой алышат. (MiK)

XS
SM
MD
LG