Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Алексей Навальный абактан ооруканага которулду


Навальныйды аэропорттон кармоо учуру.
Навальныйды аэропорттон кармоо учуру.

Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальный абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Жазаны аткаруу федералдык кызматы кабарлады. Ал Покров шаарындагы №2-түзөтүү абагында жаза мөнөтүн өтөө учурунда ачкачылык акциясын баштаган.

Мекеме анын саламаттыгы "канааттандырарлык" экенин билдирди. Ошондой эле бир канча күндөн бери наар албай жаткан саясатчыга өзүнүн макулдугу менен витамин сайылганын маалымдады.

Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан.

Мунун алдында Навальныйды текшерип, дарылаган врачтар анын канына жасалган анализдин жыйынтыгы жарыялашкан. Анда саясатчынын саламаттыгы кооптуу чекке жакын, оор абалда экени көрстүлгөн.

Навальный февраль айынын башынан бери Покров шаарында абакта отурган. Сот аны сегиз жыл мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Навальныйды коргоо штабы өткөн жекшембиде 21-апрелден тартыр анын боштондугун талап кылган каршылык акциялары башталарын жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG