Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Пакистанда француз элчисине каршы топтор полиция менен кагылышты


"Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу, Лахор шаары, 13-апрель, 2021-жыл.
"Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери менен полициянын кагылышуусу, Лахор шаары, 13-апрель, 2021-жыл.

Пакистанда Мухаммед пайгамбардын азил сүрөттөрүнө байланыштуу Франциянын элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылган топтор менен полициянын жаңы кагылышуусунан кеминде үч адамдын өмүрү кыйылды.

Өлкө чыгышындагы Лахор шаарынын полициясынын өкүлү Рана Ариф билдиргендей, 18-апрелде тыюу салынган "Техрик-и-Лаббайк" партиясынын тарапкерлери жергиликтүү полиция бекетине чабуул коюшкан жана алты коопсуздук кызматкерин барымтага алышкан. Натыйжада ортодо кагылышуу болуп, андан 20дай адам, анын ичинде 11 полиция кызматкери жараат алды.

"Техрик-и-Лаббайктын" өкүлдөрү өткөн жылы Францияда Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыяланышына байланыштуу француз элчисин өлкөдөн чыгарууну талап кылып, өкмөткө 20-апрелге чейин убакыт беришкен. Бийлик 12-апрелде партиянын лидерин камакка алган. Бул жагдай анын тарапкерлеринин жаңы каршылык акцияларына түрткү берген.

Францияга каршы мындай демонстрацияларда баш-аягы беш адам, анын ичинде эки полиция кызматкери мерт болду. 15-апрелде Франциянын Исламабаддагы элчилиги француз жарандарын Пакистандан чыгып кетүүгө үндөгөн. Аны улай Пакистандын өкмөтү "Техрик-и-Лаббайк" партиясына тыюу салган.

Былтыр октябрь айында француз президенти Эммануэл Макрондун “Франция карикатуралардан баш тартпайт” деген сөзү Пакистан сыяктуу бир катар мусулман мамлекеттериндеги нааразылык акцияларына себеп болгон.

2015-жылы франциялык “Шарли Эбдо” сатирикалык журналы Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн басып чыккандан көп өтпөй чабуулга кабылган. Журнал бул окуяга байланыштуу сот иштеринин башталышын утурлай ал сүрөттөрдү кайра жарыялаган.

XS
SM
MD
LG