Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:05

Коомдук кеңеш: Уу коргошунду пайдалануу - адам өмүрүнө кол салуу


Уу коргошундун базарда сатылып жаткан тамыры. Бишкек. Апрель 2021-жыл.
Уу коргошундун базарда сатылып жаткан тамыры. Бишкек. Апрель 2021-жыл.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кеңеши уу коргошун чөбүнөн жасалган ачытманы коронавируска каршы колдонуу - адам өмүрүнө кол салуу менен барабар экенин билдирүүдө. Коомдук кеңештин төрайымы Бактыгүл Исраилова жаңы препаратты пайдаланууга уруксатты анын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна негиздеп, расмий медицина гана бере аларын айтууда.

«Уу коргошунду пайдалануу - бейтаптардын өмүрүнө кол салуу. Муну министр ачык эле көрсөтүп, сунуштап жатат. Мындан да коркунучтуусу - бейтаптардын макулдугун албай туруп, алардын өмүрүнө кооптуу нерсени ичиришти. Бул адам укугун бузуу! Мындайга жол берилбеши керек. Муну адам өмүрүнө атайылап залал келтирүү деп айтса болот. Бейтаптарды тажрыйба жасоо үчүн пайдаланып, ал эми жалпы кыргыз коомчулугун сабатсыз саноонун арты нааразылыктарга, COVID-19 вирусунан коз жумгандардын көбөйүшүнө жана уу коргошун тажрыйбасынын курмандыктарына алып келет», - деди Исраилова.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео Жапаровдун социалдык тармактагы расмий баракчаларына жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы билингенин айтып чыкты.

Министр журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгиледи. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын коомчулугунда бул аракетти сындагандар да, колдогондор да бар.

Конституциянын 22-беренесине ылайык "Медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды адам баласына өз макулдугусуз жасоого тыюу салынат". (ZKo)

XS
SM
MD
LG