Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Ошко иш издеп келген өзбек мигранттары


"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Ар күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Өзбекстандын 300 чамалуу жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, ар кандай жумушта иштеп жатат.

Ош шаарына жакын жайгашкан “Достук” өткөрмө бекетине кошуна мамлекеттин жарандары таңкы саат 6-7де өтүп келишет. Эрте келгендери кардар менен сүйлөшүп, ошол замат ишке киришет.

“Достук” өткөрмө бекетине жакын Өзбекстандын Анжиян облусунун Төр-Абад айылында жашаган Айбек айылдаштары менен үч киши болуп келишкен. Ал кыргыз тарапта жумушчу күчүнө талап жогору болгон үчүн көп адам келээрин айтты. Жалданып иштөө үчүн Анжияндын борборуна салыштырмалуу Ош жакын болуп, жолкире жана убакыт үнөмдөлөөрүн айтты.

Мисалы, 2-3 киши болуп шериктер менен чыгабыз. Анжиянда да жумуш бар. Бирок Анжиянга баргандан көрө бул жак бизге жакын. Кожобатка 5000ге баргандан көрө бул жакка ПЧР-тест менен эле кирип келебиз. Иш болбой калганда 1 сом да таппай калышыбыз мүмкүн. Негизи 1000-2000 сом табабыз. Эгер бир ишти баалап алсак жакшы табабыз”.

Күн сайын “Достук” өткөрмө бекетинин жанына 300 чамалуу адам топтолот. Алардын ичинде аялдар да бар. Жумушчу издеп келгендер көбүнесе курулушка жана талаа иштерине жалдап кетишет. Ал эми аялдар үй жумуштарына тартылат. Таңга жуук чыккан жумушчулар түшкө чейин жумушту макулдашып кетишет.

Бул жерге Орусияга кетпей калгандар келишет. Андан да жеңилирээк иштеп, күнүмдүк эле акча тапкысы келгендер. Негизи жумуш жакшы эле болуп жатат”.

"Достук", өзбек мигранттары, Ош
"Достук", өзбек мигранттары, Ош

Бул жерге келген жумушчулардын баарын кыргызстандыктар жалдап алып кетишет. Жалданган адамдар курулушта, талаада иштейт, үй жумуштарын жасашат.

Кара-Суу районунун Маданият айылынан келген Султан Айбашев үйүнө тажрыйбалуу уста издеп келген. Ал коңшу өлкөдөн келген жумушчулар тууралуу буларды айтты:

Биринчиден, өзбекстандыктар арзан иштешет. Мисалы, күнүнө 500-600 сомго иштешет. Таңкы сегизден кечки сегизге чейин, ал эми биздикилер 1000 сомдон аз иштешпейт. Экинчиден, булар ишти жакшы, көңүлгө жаккандай кылышат. Анан бул жерге усталар да келишет. Ал эми биздин усталар мындай мандикер базарга чыгышпайт”.

Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү

Ош шаары жана Ош облусу боюнча жумушсуздардын расмий саны 6 миңге чукул. Бул жыл башынан бери атайын жумушсуз катары катталгандардын гана саны. Расмий катталбагандары мындан бир нече эсе көп болушу ыктымал. 2019-жылы 4984 адам жумушсуз катары катталса, 2020-жылы бул көрсөткүч 6020га жетип, жумушсуздардын саны Ош облусунда 21 пайызга көбөйгөн.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Ороз Шерипбаева коңшу өлкөдөн келген жумушчу күчү Кыргызстандагы абалга да терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

Ороз Шерипбаева.
Ороз Шерипбаева.

Туура, бул миграция боюнча да катуу чара көрүү керек. Себеби биз биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды ишке орноштурушубуз керек. Бизге жумуш таппаган эң аялуу катмар келет. Ал эми Өзбекстандан көбүн эсе курулуш тармагына келишет”.

Өзбекстандан миграциянын агымы эки өлкөнүн чек ара бекеттери ачылган 2016-жылдан тартып көбөйгөн. Коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстандагы курулуш жана тейлөө тармактарында эмгектенишет.

Мигранттарды салык төлөтүү аракети

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев коңшу өлкөдөн келген жумушчуларды каттап, алар патент менен иш алып барышы керектигин айтып келет. Ал мындай демилгени 2018-жылы көтөрүп, өкмөткө сунуштаган. Депутаттын пикиринде коңшу өлкөдөн келген жумушчу күч Кыргызстандагы эмгек базарына да таасирин тийгизип, бирок алар өлкө үчүн пайда алып келбей жатат.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Өзбекстандан келип иштейм деген бардык жарандар патент алып иштеши керек. Ошондо каттоого да туруп калат. Экинчиден, патент төлөйт. Анткени алар бул жакка келип жумушчу орундарды ээлеп жатышат. Демек бизде миңдеген адамдар жумушсуз калып жатат. Алар келип айлыкты накталай алып, бирок бир тыйын салык төлөбөйт. Эч жерде каттоодо турушпайт. Ошондуктан алар патенттин негизинде гана иштеши керек”.

Кенжебек Бокоевдин демилгеси өз учурунда өкмөттөн колдоо тапкан эмес. Ошол эле учурда коңшу өлкөдөн келип иштеген жарандардын саны жүз миңден ашаары айтылган.

Кыргызстанда расмий жумушсуз катары катталган жарандар өткөн жылы 76 миңден ашкан. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 77 миңден ашканын Улуттук статистика комитети көрсөтүүдө.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

XS
SM
MD
LG