Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Ноокенде социалдык шаарчанын курулушу башталды


Шаарчанын курулушу.
Шаарчанын курулушу.

Жалал-Абадда 100 батирлүү 25 үйдөн турган социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу 17-апрелде “Азаттык” радиосуна облус акимчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, Ноокен районунун Сакалды айылында жергиликтүү бийлик 3 гектар жер бөлүп берген. Жакыр жашаган, көп балалуу үй-бүлөлөр, жесир жана жалгыз бой энелер жашай турган үйлөрдүн курулушу бүгүн расмий түрдө башталды. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Сакалды айылындагы социалдык шаарчада 100 орундуу тигүү цехи, ФАП, мечит, дүкөн жана футбол аянтчасы да болору, үйлөрдүн курулушу быйыл октябрь айында аяктары айтылды.

Кыргызстанда экономикалык көрсөткүчтөр былтыртан бери төмөндөп, баалар кымбаттоодо. Чет өлкөлүк уюмдардын жардамы менен буга чейин башка аймактарда да социалдык объектилер курулган. (BT)

XS
SM
MD
LG