Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Иран уранды 60% байыта баштаганын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы парламенттин төрагасы Мухаммед Багер Калибафага шилтеме кылып кабарлады. Анда Ирандын окмуштуулары уранды байытууну мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге, тагыраагы 60%га чейин чыгарганы айтылат.

Калибафанын мындай билдирүүсү Тегерандын өзөктүк программасы тууралуу дүйнөлүк державалар менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин келечеги жөнүндө Венадагы сүйлөшүүлөргө туш келди.

Ирандын атом энергиясы боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи мамлекеттик телеканалдан Натанздагы өзөктүк объекти эми уран тазалоону 60% га чыгарганын, тогуз грамм уран байытыла баштаганын билдирди.

"Эми биз уранды каалаган деңгээлде байытууга жетише алабыз. Аны эми биз каалаган учурда жасай алабыз” - деди Салехи.

Өзөктүк программага ылайык, уранды 90% жогорку деңээлде байыткан учурда гана аны ядролук куралга, аскердик максатта колдонууга болот. Бирок Тегеран уранды өндүрүш үчүн, атомдук энергияны иштеп чыгаруу максатында байытып жатканын жүйө келтирип келген.

Ирандын соңку билдирүүсү Венадагы сүйлөшүүлөрдө анын позициясын бекемдөө үчүн жасалганы айтылды. Анан калса, жакында Натанздагы авариядан соң, Тегеран буга Тель-Авивди айыптап, анын койгон шарттары аткарылмайынча уран байытуу токтобой турганын эскерткен.

БУУнун өзөктүк коопсуздук боюнча Байкоочу органы Натанз заводундагы жер алдындагы объектиде уранды 60% чейин байытууну Тегеран мурда эле мерчемдеп келгенин тастыктады.

2015-жылдагы макулдашууда Иран уран байытууну 3,67% ашырбоо тууралуу милдеттеме алган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ирандын соңку чагымчыл билдирүүсү мунаса табуу сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратышы ыктымалдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG