Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Талас: Абакта баласын эмизе албай ооруп калган келин боюнча териштирүү башталды


Кылмышка шектүү келин. Кара-Суу райондук милициясы.
Кылмышка шектүү келин. Кара-Суу райондук милициясы.

Таласта кылмышка шектүү 27 жаштагы келиндин ымыркайын эмизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, милициянын убактылуу кармоочу жайында ооруп калганы боюнча кызматтык териштирүү башталды. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттык» радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кара-Буура районунун тургуну, үч баланын энеси быйыл 1-февралда Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кармалган. Азыр ал райондук милициянын камагында отурат. Жети, төрт жаштагы жана беш айлык балдары келиндин ата-энесинин колунда.

Алгачкы бир айда туугандары эмчектеги баласын эмизгени алып келип турушкан, кийин андайга шарты болбой калган.

1,5 айдан бери баласын эмизе албай жаткан келин ооруп калганын, көйгөйүн эркек милиционерлерге айтуудан уялып келгенин аны менен жолугуп чыккандан кийин 14-апрелде Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жана Акыйкатчынын Таластагы өкүлдөрү айтып чыгышкан.

Милиция келин менен Кара-Буура райондук ички иштер башкармалыгынын аял кызматкери маектешип турганын, бирок ал ага эч кандай даттануусун айтпаганын билдирди.

Кыйноолорго каршы борбор кылмышка шектүү аялдар үч жашка чейинки баласы болсо жанында алып жүрүүгө укуктуу экенин, бул келин андай мүмкүнчүлүктөн ажырап, азыр дарыланууга муктаж болуп турганын жана прокуратурага маалымат берилгенин билдирди. (MKt)

XS
SM
MD
LG