Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

"Кемпир-Абад" суу сактагычынын кыргыз тарабында нааразылык акциясы өтүүдө


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Ошто кыргыз-өзбек чек арасына жакын тилкеде жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы уланууда. “Азаттыктын” кабарчысы 16-апрелде жеринен маалымдагандай, Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын 30 чакты тургуну акциясын бир жума мурда башташкан.

Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтып жатышат.

Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Өзүн Ынтымак айылынын тургуну Нурлан Маматов деп тааныштырган адам талаптар мамлекет башчысына жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасына коюлуп жатканын билдирди:

“Кыргызстандын жерин берип жатышыптыр деп угуп келдик. Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду ушул жерге чакырганга даярбыз”.

Эки күн мурда акциянын катышуучулары боз үй тигип, тегерегине Кыргызстандын мамлекеттик тууларын илишти.

УКМК жетекчиси Ташиев быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынына катышып келген. Ал бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын айткан жана "Кемпир-Абад" суу сактагычы менен катар бир нече башка тилкени тактоодон өткөрүү макулдашылганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын 27-мартта айткан. (DU)

XS
SM
MD
LG